Гуштини милли камарбанди

Википедия дан

Гуштини милли камарбанди же ГуштингириТажик элинин улуттук, бел боо күрөшү. Гуштини милли камарбанди (гуштини – күрөш, милли – улуттук, камарбанди – кур) тажик элинин тарыхка бай, байыркы күрөшү. Бел боо күрөшү – эң байыркы спорот күрөшүнүн түрү. Ат үстүндө жоокер жоого чыкканда бутун дайыма үзөнгүгө салып жүрөт, бут менен жоого үзөнгүдөн чыгарып каршылык көрсөтүү аттан жыгылып кетүү коркунучун туудурат. Ошол себептен тынчтык мезгилде да машыгуу учурунда согуш учурундай абалды түзүп, бутту пайдаланбастан машыгышкан. Салгылашуу учурунда чабандес душманынын оң же сол жагында болуп калышы ыктымал. Ушундан улам атаандашын сол буттан алып чабуу жана оң буттан алып чабуу келип чыккан.

Жоокердин колунун билектери, манжалары, булчуңдары күчтүү болуш керек. Кыска мөөнөттөгү кол, далы, ииндин күчүн колдонуп салгылашуу жоокердин өлүм жана өмүр тагдырын чечкен. Ушудан улам, тартуучу өнөрдү өркүндөтүп, төштөн өйдө чабуу, кадам шилтеп чабуу, чалып чабуу же далыга салып чабууну өркүндөтүп, машыгууга зор мээнет жумшалган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]