Гырат

Википедия дан

Гырат, Герат— топоним. Айрым «Манас» изилдөөчү окумуштуулардын пикири боюнча Герат шаары (түндүк-батыш Ооганстанда) Шахрух (Аксак Темирдин төртүнчү уулу) башкарган жалпы мамлекеттин борбору болгон. Ал мамлекет уделдик башкаруучуларга бөлүнгөн. Демек, Шахрух башкарган мезгилде (1409—47) ал мамлекеттин борбору Герат Ооганстан аймагында болгондугу эпосто «Шоорук Оогандын каны» катары айтылышы толук мүмкүн экендигин көрсөтөт. Географиялык реалияда Герат— Ооганстандын түндүк-батышындагы шаар; Герат провинциясынын административдик борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4