Гүлбак

Википедия дан

Гүлбак (иранча гүлдүү, бактуу жер) — топоним. Алты-Шаарда (Чыгыш Түркстанда) чеп, сепил деген мааниде колдонулган. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да ошондой эле мааниде: «Гүлбагын бузуп күл кылып, Уратпасак болбос деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260), же «Аламандап талайлы, Гүлбагына камайлы Күлдү журтун канайлы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 219),— деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4