Гүлгаакы

Википедия дан

“Гүлгаакы” – элдик поэма. Кара сөз менен жана ыр түрүндө кеңири айтылат. КРУИАсынын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда “Гүлгаакы”, “Шамашрап дубана Гүлгаакы кызды алганы”, “Дубана Машрап”, “Гүлгаакы”, “Шамашрап-Гүлгаакы” деген кол жазмалар сакталып турат. Мындан сырткары Н. Чотбаевдин “Шаамашариб баяны” деген варианты бар. Булардын ичинен дастандык деңгээлге көтөрүлүп, толук айтылган вариант О. Урманбетов айткан “Гүлгаакы” эсептелген. Калгандары поэманын башатынан кабар берип, аңыз-аңгеме, уламыш катары айтылган. О. Урманбетовдун варианты 1969-жылы айрым кыскартуулар менен жарык көргөн.

“Гүлгаакы” поэмасынын аталган бардык нускалары толугу менен “Эл адабияты” сериясына чыккан. Поэма өзөгүнө көп кылымдык тарыхты камтып, бир кыйла эволюциялык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Аны чыгармалардан орун алган архаикалык формалардан, көөнө мотивдерден, түрдүү тарыхый доорлорду басып өткөн сюжеттик катмардан көрүүгө болот. Акыркы чоң тарыхый окуя – узак мезгилге (15–17к.) созулган калмактар менен кармашуу чыгарманын басымдуу бөлүгүн ээлеп, башка окуяларды, тарыхый фактыларды четтетип койгону байкалат. Материалдык жана амазонкалык мотивдердин (партеногенезис), өзүнүн кесилген башын көтөрүп жүрүү мотиви, кайып болуп кетүү жана баша сыяктуу архаикалык социадык институттун жана байыркы каада-салттын чагылышы “Гүлаакы” поэманын башатын аныктоо менен чыгарма ошол доордогу этникалык чөйрөдө пайда болгон деп айтууга толук негиз бар.

“Гүлгаакы” поэмасында Шамашрап дубана тарыхый инсан. Өзбек элинин таланттуу классик акыны Бабарахим Машраб 1667 (1640) – жылы Андижанда төрөлгөн. Акындын өмүр жолу жөнүндөгү тарыхый маалыматтар Н. Чотбаев айткан варианттагы окуялар жана ал жөнүндөгү аңыз-аңгеме түрүндөгү нускалар менен дал келген учурлар бар. Кандай болгон күндө да Шамашрабдын элдик чыгармадан орун алышы кызыктуу факты. Поэманын баш каарманы Гүлгаакы калмактын баатыр кызы, калмак ханы катары мүнөздөлүп, өз элин бейпилдикте багып, сырт душмандан коргоп турганы сүрөттөлгөн. Кыргыз баатыры Гүлжигит экөө душман колунан каза таап, окуя трагедия менен аяктайт. Поэманын негизги идеясы – мекенге, эл, жерге болгон сүйүү, анын келечегине кам көрүү, элдин, жердин эркиндиги үчүн күрөшүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004