Гүлдерек мрамор кени

Википедия дан

Гүлдерек мрамор кени Талас облусунун Бакайата районунда, Миңбулак кыштагынан 4 км түндүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1920–2143 м бийиктикте. 1985–88-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Мрамор рифейдин аягында пайда болгон, орто кристаллдуу, декоративдүү, түстүү, тилкелүү ак, кара, боз-жашыл түстө. Орточо тыгыздыгы 2,74 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,46%, суу сиңирүүсү 0,11%, кургак абалда басканда бектигинин чеги 94,96 МПа, сууга каныккан абалда – 86,08 МПа. I–IV топтогу кондициялык блоктордун чыгышы – 23,56%, сайкалданган такталардын чыгышы – 13,9 м2/м3. Запасы А+В категориясы боюнча –872 миң м3, А+В+С1–269 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]