Гүлнара Каликова

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каликова Гүлнара Аманжоловна 1961-жылы 6-октябрда Казакстандын Астраханка айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө кичүүсү, үч эжеси бар. Анын балалыгы Алматы шаарында өткөн. Атасы комсомолчу, партиялык кызматкер, ал эми апасы тергөөчү, прокурор болгон.

1978-жылы Гүлнара Ленинград шаарындагы Чыгыш таануу факультетине тапшырган. Ошол жерден болочок күйөөсү менен таанышкан, ал ошол кезде университеттин акыркы курсунда Юриспруденция факультетинде окуп жүргөн. 17 жашында турмушка чыгып,  бир аздан кийин жолдошу экөө Фрунзеге көчүп келишкен.

Кайненеси Жамал Сатыкеева да юрист болгон. Сатыкеева – Кыргызстанда юридикалык илимдердин кандидаты болгон алгачкы аял. Сот болуп иштеген, жогорку окуу жайында сабак берчү. Сатыкеева Гүлнарага үлгү болуп, ар дайым аны колдоп турчу.

Гүлнара Каликова 1983-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин эле адвокат болуп иштей баштаган. 9 жылдан кийин Казак мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын жактаган (1992-жылы)[1]. Кийинчерээк Гүлнара Гарварддын юридикалык мектебине өтүп, ал жактан магистр даражасын (LLM) алган (2002-жылы).

Кесиптик тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлнара Каликова – Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк компаниялар, эл аралык уюмдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен иштешкен алдыңкы юридикалык фирмалардын бири болгон “Каликова & Ассошиэйтстин” негиздөөчүсү (2002-жылы)[2]. Узак убакыт бою анын башкаруучу өнөктөшү болгон. Учурда фирманын кеңешчиси болуп иштейт[3].

“Каликова & Ассошиэйтс” компаниясын негиздегенге чейин Каликова “Mayer”, “Brown & Platt” жана “Chadbourne & Parke LLP” юридикалык фирмаларынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн башчысы болуп сегиз жыл иштеген.

Гүлнара Каликова республикада да, чет өлкөлөрдө да ишкер коомчулугунун жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк темаларына баяндамалары менен көп чыгып турат.

Учурда Гүлнара Каликова бизнестен кеткени менен, кесиптик ишмердүүлүгүн улантууда. Ал көп жылдан бери Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү менен алектенип келет, мындан тышкары көптөгөн коомдук долбоорлорго катышып турат. Алардын бири – Ботаникалык бакты сактоо жанбак-дарактарды коргоо багытында иш алып барган “Арча демилгеси” фонду. Ал ошондой эле аялдардын ишкердигине тиешелүү маселелер менен да алектенет – “Курак” коомдук форумунда башкармалыктын мүчөсү [4]. Гүлнара Каликова Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясынын, Америкалык юристтер ассоциациясынын, Эл аралык юристтер ассоциациясынын мүчөсү. Ошондой эле бир катар коомдук уюмдардын директорлор кеңешинин жана байкоочу кеңештеринин мүчөсү [5].

Кесипкөй катары таанылуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“The Legal 500 Europe, Middle East and Africa 2016” абройлуу журналынын рейтинги боюнча алдыңкы юрист деп табылган.

Эл аралык “Chambers Global” басылмасы пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү, долбоорлорду каржылоо тармагындагы негизги адис катары сунуштаган.

2003-жылдан 2015-жылга чейин Who’s Who Legal басылмасы долбоорлорду каржылоо жана ишкердик укук жаатындагы алдыңкы юристтердин бири катары тааныган.[6]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлнара Каликованын эки уулу жана бир кызы, 9 небереси бар. Уулдары юрист, ал эми кызы Америкада магистратурада окуйт. [7]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.youtube.com/watch?v=v1tEV9qAp9Q
  2. http://www.k-a.kg/ru/o-nas
  3. https://events.vedomosti.ru/speakers/kalikova-gulnara-138
  4. http://www.k-a.kg/ru/kalikova-gulnara-partner-uchreditel
  5. https://www.youtube.com/watch?v=5KVwZqmNW18&t=930s
  6. https://www.youtube.com/watch?v=5KVwZqmNW18&t=930s
  7. https://www.youtube.com/watch?v=v1tEV9qAp9Q

[1] https://www.youtube.com/watch?v=5KVwZqmNW18&t=930s

[2] http://www.k-a.kg/ru/o-nas

[3] https://events.vedomosti.ru/speakers/kalikova-gulnara-138

[4] http://www.k-a.kg/ru/kalikova-gulnara-partner-uchreditel

[5] https://www.youtube.com/watch?v=5KVwZqmNW18&t=930s