Гeмaтомa

Википедия дан

Гeмaтомa - (гемато... жана ...ома) кырсыктан же оорунун кесепетинен кантамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу. Мында кан толгон көңдөй пайда болот. Гематома бир нерсеге урунган жерде кантамыр жарылганда же кандын уюшу бузулганда келип чыгат. Ошондой эле кантамырдын патол. өзгөрүүсү (мисалы, атеросклероздо) да түрткү берет. Ал тери алдында, сөөк үстүндө, булчуңда, былжыр челде, ички органда жана башка кездешет. Анча чоң эмес гематома жумшак ткандар бир нерсеге урунгандан болот, урунган жер ооруп, шишимик тартып көгөрөт. Ага муздак басып, катуу таңып коюу жана башка жардам көрсөтүлгөндө жок болуп кетет. Чоң гематомада, мисалы, мээ, боор, көк боордун жана башка органдардын гематомасында жабыркаган адамды токтоосуз ооруканага жеткирүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]