Дабаев, Кыргызбай Дүйшенбекович

Википедия дан
Дабаев, Кыргызбай Дүйшөнбекович
Туулган жылы:

1954-ж

Туулган жери:

Аксуу району

Илимий чөйрөсү:

Педагогика

Иштеген жери:

КМУУнун окуу бөлүмүнүн башчысы

Илимий наамы:

Профессор

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Дабаев, Кыргызбай Дүйшөнбекович (1954-ж. т., Аксуу району) – педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2003). Москвадагы В. И. Ленин атындагы МГПУнун филология факультетин бүтүргөн (1980). Орто мектепте мугалим, жогорку окуу жайларда окутуучу, кафедра башчысы, декан, КМУУнун окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары, илимий иштер боюнча проректор болуп эмгектенген. 110 дөн ашык илимий эмгектери, алардын ичинен 5 монография, 3 методикалык китеп жарык көргөн. Анын жетекчилигинде 2 кандидаттык дисертация корголгон. Негизги эмгектери: “Азыркы мектептин инновациялык технологиясы”, “Кыргыз тилин өзгө тил катары окутуунун усулу”, “Билим берүү процессиндеги интерактивдүү окутуу”, “Кыргыз тилинин лексикалык минимум-сөздүгү”, “Кыргыз тили орус группалары үчүн”, “Азыркы учурда илимий педагогикалык кадрларды даярдоодо көп эмгек сиңирүүдө”.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,