Дабан аргымактары

Википедия дан

Даван аргымактары – биздин заманга чейин. 1-миң жылдыктын акырында – биздин замандын 1-миң жылдыгынын биринчи жарымында Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинде асыралган аргымак аттар. Бул аргымактар менен давандыктар өзгөчө даңазаланган. Алар «асман аттары» деп аталып, бүтүндөй Фергана элинин сыймыгы болгон. Даван аргымактарынын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Байыркы кытай тарыхый жылнаамаларында: «Даван аргымактары жылкылардын асман тукумунан жаралган, алардан кызгылт тер чыгат»,– деп айтылат. Аска беттерине түшүрүлгөн сүрөттөрдөн давандыктар бул жылкыга табынганы да байкалат. Даван аргымактарынын ташка чегилген сүрөттөрү Араван районунан (к. Араван аска бетиндеги сүрөттөр), Сулайман-Тоодон табылган.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)