Дабыш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Thoth08BigasDrumEvansChalmette.jpg

Дабыш — кээ бир заттардан чыккан табыш.Физика жаатынан алып караганда үн бул айлана чөйрөдө (суйуктукта,катуу заттарда, газ абалындагы заттарда) таралган механикалык толкундар болуп эсептелет. Ар бир толкун сыяктуу эле үн дагы амплитуда жана жыштык менен мүнөздөлөт. Ар бир толкун түрү сыяктуу эле үн дагы амплитуда жана жыштык менен мүнөздөлөт. Амплитуда үндүн көлөмүн( грокость) ал эми жыштык үндүн бийиктигин мүнөздойт. Адам кулагы уга алган диапазонон төмөн жайгашкан үн толкундары инфразвук деп аталат. Ал эми адам кулагы уга алган диапазондон жогору,1 Ггц ге чейин ультразвук жана 1Ггц тен жогору үн толкундары гиперзвук деп аталат. Үндүн көлөмдүүлүгүн( громкость) эффективдүү үн басымынан, жыштыгынан жана толкундун формасынан көз каранды.үндүн бийиктиги, ундун жыштыгынан жана үн басымынын денгээлиен көз каранды. Үн толкундары термелүү процессинин мисалы боло алат.Кандайдыр бир термелүү тутумдун тең салмактуулук абалынын бузулушу менен байланыштуу жана анын мүнөздөмөлөрүнүн тең салмактуулуктагы абалынан кийинки баштапкы абалына кайтып келиши менен мүнөздөлөт. Үндүн термелүүсү үчүн бул мүнөздөмө чөйрөнүн бир чекитиндеги басым, ал эми анын четтөөсү(отклонение) - үн басымы болот.

    Эгерде кандайдыр бир жерде, мисалы, поршендин жардамы менен, ийкемдүү чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн кескин жылышын ишке ашырса, анда ушул жерде басым жогорулайт. Бөлүкчөлөрдүн ийкемдүү байланыштарынан улам, басым коңшулаш бөлүкчөлөргө өтүп, алар өз кезегинде кийинкилерине таасир этип, жогорулаган басым аянты серпилгич чөйрөдө кыймылга келгендей  болот. Жогорулатылган басымдын аянты кыскартылган кысымдын аянты менен коштолот, демек, толкун түрүндө чөйрөдө жайылып, кысылган жана жазылган бир нече толкундар  пайда болот. Бул учурда, серпилгич чөйрөнүн ар бир бөлүкчөсү термелүүгө дуушар болот.
   Суюк жана газ абалында болгон заттардын чөйрөсундө акустикалык толкундар узун жайгашуу мүнөзүнө ээ, башкача айтканда, бөлүкчөлөрдүн термелүү багыты толкундун багыты менен дал келет. Катуу денелерде, узунунан деформациялардан тышкары, ийилчээктик кайчылоо деформациясы дагы пайда болуп, туурасынан кеткен (кесилген) толкундардын дүүлүгүүсүн шарттайт; бул учурда бөлүкчөлөр толкундун таралуу багытына перпендикуляр термелет. Узунунан чыккан толкундардын таралуу ылдамдыгы, жылышуу(сдвиговых) толкундардын таралуу ылдамдыгына караганда бир топ жогору болот.