Даван роговик кени

Википедия дан

'Даван роговик кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 15 км түндүк тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында. 1960-ж. ачылып, 1973–75-ж. геол. изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын гранат-пироксендүү скарн, роговик, гранит-диорит, метаморфизмделген акиташ теги жана серпентинит тоотектери түзөт. Роговиктин өңү боз, мала кызыл келип, арасында кара жана каралжын боз жол-жол темгилдүү тилкелер кезигет. Тилкелердин калыңдыгы 0,5–1,5 см, алар 19 м2 аянтта 3–5 жолу кайталанып, кезектешип жайгашкан. Роговик катмарынын калыңдыгы 150 м, узундугу 350–400 м. Чыккан блоктордун өлчөмү 20х20х20 смге жетет. Сайкалданган бети жалтырап, кооз оймо-чиймелүү. Таштан белектик майда кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]