Давид Гильберт

Википедия дан

Давид Гильберт (Хильберт, 23.1.1862, Кёнигсберге жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. CCCP Илимдер академиясынын чет элдик корреспондент мүчөсү (1922), чет элдик ардактуу мүчөсү (1934). Кёнигсберг университетин бүтүргөн (1895). Гёттинген, Кёнигсберг университеттеринин профессор (1895-1930). Негизги эмгектери инварианттар теориясына, алгебрага, сандар теориясына, геометрия негиздерине, Дирихле принцибине жана ага жакындашкан вариациялык эсептөө проблемасы менен дифференциал теңдемесине, интегралдык теңдемелер теориясына, сандар теориясындагы Варинг проблемасын чыгарууга, математикалык физика негиздерине, математиканын логикалык негиздерине арналган. Г. түзгөн симметриялуу ядролуу интегралдык теңдеме теориясы азыркы функциялык анализдин жана сызыктуу оператордун спектр теориясынын негизин түзгөн. Анын «Геометриянын негиздери» деген эмгеги (1899) геометрияны аксиомалык түзүүдө үлгү катары колдонулган. Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]