Давлеталиев Калык

Википедия дан

Давлеталиев Калык (1928-ж. т., Мазарсуу айылы) - Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген юристи.

  • Ташкен шаарындагы юридикалык институтун (1951), Ленинграддагы СССР прокуратурасынын тергөө мектебин (1952) бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1944-ж. мектепти аяктагандан кийин эле Токтогул райондук соттун катчысы болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1954-63-ж. Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы, Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, Кыргыз Республикасынын Прокуратурасында тергөө бөлүмүнүн прокурору,
  • 1963-82-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун мүчөсү,
  • 1982-91-ж. Кант райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5