Дакики
دقیقی Дакики
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абу Мансур Мухаммад Ибн Ахмад Дакики Орто Азиянын философ, акыны. Акын кайсы жерде жарык дүйнөгө келгендиги жөнүндө так маалымат жок. Кээ бир булактарда ал Хорасандагы Тус шаарында, ал эми башка булактарда Бухарадагы Самаркандда жарык дүйнөгө келгендиги тууралу жазылган. Болгону акын Мавераннахрдан эч жака чыкпаганы маалым. Ошол доордогу Саманид мамлекетинин эң бай, гүлдөп турган бөлүгү болгон Чаганиан провинциясынын башкаруучусу доорунда Дакикинин ишмердүүлүгү акындык таланты өркүндөп өскөн. Жаш акындын таланты жөнүндө эл ичинде чагылгандай тарагандыктан көп өтпөй эле борбордогу династияны башкарган хансарайга чакырылган. Ошол заманда маанилүү багыттарынын бири белгилүү ысымдардын падышалык же болбосо ыйык тектерден чыгышын тастыктаган элдик эпосторду, легендаларды жана мифтерди изилдөө болгон. Ошондуктан Самани алардын үй бүлөсүнө, укум тукумуна тийиштүү болгон батырдык-мификалык жомок, ылакаптарды изилдеп, чогултууда абдан дыкаттык менен көңүл бурушкан. Ошол убакта хансарайдын философу жана адабиятчысы бул тема боюнча араб жана пехлеви булактарынан көптөгөн маалыматтарды чогултуп, прозаикалык формага салып, атын Шах-намэ” деп атаган. Ал эми “Шах-намэ” шахтар китеби так керектүү нерсе болгон жана Эмир Нух Самани бул жазманын ыр түрүндө болуусун каалаган. Ошентип ал ишти өзү Дакикиге тапшырган. Исламга чейинки доордогу эпикалык легендалардын даанышманы деп эсептелген акын ал ишти жалындуу кубаныч менен кабыл алган. Бирок аны аткарууга жетишпей, өзүнүн кол алдында иштеген кулу тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал эми эмне себептен өлтүрүлгөнүн эч бир маалымат жок, сыр бойдон калган. Бул окуянын себеби анын кулу – жаш жигиттин кызганычынан келип чыккан деп расмий жарыяланган. Бирок көптөгон тарыхчылар ал кул ислам жактоочулардын тарапташы болгон деп ишенишет. Кандай болсо да ошол убакта жашы жаңы отузга жеткен жаш акын жарк дүйнө менен кош айтышкан. Ошондой болсо да расмий маалыматтар анын дүйнөдөн кайткан маалында белгилүү перс поэти Фирдоуси ага ишенип, өз ишин улантуууга макулдугун берген жана Дакики Гутапс (Виштапс) менен Аржалстын мификалык күрөшүн сүрөттөп. чагылдырган миң бейт (эки сап ыр) эпикалык чыгармасын жаратканга үлгүргөн. Ал тууралыуу Фирдоуси да өз ырларында төмөндөгүчө келтирген. Ошондой болсо да, Дакики Рудакинин кичүү замандашы (X-XI к.к.), элдик салтка негизденген адабиятка кайтып келүүнү жактаган акындардан болгон. Чаганиандык да, Бухаралык да бийлик эгелери эне тили болгон дариде поэзияны өнүктүрүүгө көмөктөшкөн. Убагында андан кичүү келген Фаррухи экөө тең мурунураак саманид Нух II (976-997), кийин газневид султан Махмудда (992-1037) сарай акынынын милдетин аркалап келишкенин төмөнкү ыр саптардан байкайбыз:
- Сени даңазалап ыр токуган Дакики да кетти о дүйнөгө,
- Жүрөгү сен үчүн жакшылыкка толо эле дандын үрөнүндөй...
- Ар бир чөптөн мүрзөсүнүн четиндеги Дакикинин
- Сурасаң сага жакшы тилек айтат миң-миңдеген
Дакикинин чыгармалары бүгүнкү күнгө өтө аз санда жеткен. Анын ошол орто кылымдык айыл жерине жаздын келишин көз алдыңа тартып сүрөттөп бериши бүгүнкү күнү да кызыгууну туудурары бышык:
- Гүлзар бак Эдемдин дал өзү,
- Дарактар – кооздолгон бейиштин хур кызы.
- Жердин өңү кан түстүү кызыл жибектей,
- Аба – атыр жыттуу назик колдой.
- Дүйнө тоос өңдүү кызыл-тазыл,
- Катуусу да, жумшагы да, бүт баары.
- Жерден кызгылт суунун аңкыган жыты келсе,
- Ой келет: ылай кызыл гүлгө аралашкандай.
- Дакики тандап алды төрт нерсени
- Бу дүйнөдөгү кооздуктан жана көрүмсүздөн:
- Яхонт түстүү илеп менен чангдын үнүн,
- Суудай тунук шарапты жана Заратуштра динин
Акындын бул ырынын эң акыркы сабындагы Заратуштра дини жөнүндө жазганын изилдөөчүлөр түрдүүчө түшүндүрүп келишкен. Албетте, X к. ортодоксалдык Бухарада зороастризмди жактаган ойду угуза айтуу өтө кооптуу болгон. Муну перс элинин байыркы өткөн маданиятына, адат-салттарына кызыгуу иретинде айтылган деп түшүнүү туура болчудай. Дакики өзүнүн «Шах-намэсин» жазууну ойлонуштуруп жаткандыктан ал байыркы зороастризм дини боюнча көптөгөн материалды топтоого үлгүргөн болуш керек. Акындын ислам тыюу салган шарапты да ачык эле жактырып шардана кылышы зороастрдык маанайдагы инсандардын оюна төп келген. Бул, албетте, эски элдик үрп-адаттарга кайра кайтууну үгүттөө эле. Ушундай маанайдагы ыр саптарын кийинки газневид акындарынан да көрүүгө болот. Дакики бийлик эгелерине арнап төмөнкүдөй ыр саптарын тартуулайт:
- Эки нерсе менен дүйнөнү багынтууга болот:
- Бири – алтын, анда падышахтын ысымы жазылган,
- Башкасы – йемендик темир, мыкты чыңалган...
- Керек болот кызыл тил да, ачык кол
- Жек көрүү да, мээрими да бар жүрөк.
- Падышылык – бу паранда, кармай албайт аны
- Асмандагы бүркүт менен каардуу арыстан.
- Эки нерсе гана аны байлай алат:
- Бири – индий кылыч, экинчиси – таза алтын.
Акын Ирандын атамзамандан берки тарыхын ыр түрүндө баяндап берүүнү самаган. Бирок, Заратуштра жөнүндөгү ырын жаңы гана баштап калганда жалданма ассасиндин колунан каза тапкандыгы жөнүндө Фирдоуси төмөнкүчө баяндап берет:
- Чыгаан бирөө болгон өзү дихкандардан,
- Тайманбаган, улуу, акыл-эстүү, берешен.
- Ал үйрөнгөн байыркы доорлорду,
- Эзелки аңыз кеп болмуштарды издеп тапкан…
- Капыстан ага өлүм жетип келди,
- Башына кара туулганы кийгизди…
- Тагдыр андан жүзүн буруп кетти,
- Бир кулдун колунан каза тапты.
- Гуштасп менен Арджаспка миңге жакын бейтти
- Жазып үлгүрдү, ошо менен күнү бүттү.
- Ал кетти, бүтпөгөн бу китеп калды,
- Акындын сергек бактысын уйку алды .
Фирдоуси айткан ошол миң бейттен турган Дакикинин «Шах-намэсинин» башталышы сакталып калган. Мына ушул үзүндүнү кийинки урпактар да окусун деп Фирдоуси өзүнүн «Шах-намэсине» Дакикинин чыгармасын беттерин көрсөтүү менен кошуп кетет. Фирдоуси аны минтип түшүндүрөт:
- Бир жолу акын түн ортосу көрүптүр түш,
- Колунда кызгылтым сууга окшош шарап идиш.
- Кайдандыр бир жерден пайда болуп Дакики,
- Шараптан ууртап коюп уламышты айтып кирди.
- Ал Фирдоусиге үн салды: «Ич шараптан
- Башкача эмес, адатындай Кай-Кавустун…
- Гуштасп менен Арджаспка миңге жакын бейтти
- Жазып үлгүрдүм, ошо менен күнүм бүттү.
- Эгери мунун баары жетсе шахиншахка,
- Менин рухум танимден көтөрүлөт бийик айга».
- Мен анын өтүнүчүн түшүмдө кабыл кылдым,
- Ага мен жылуу-жумшак жооп узаттым:
- «Мен дагы сага келип калам,
- Мага да туура келет даам татууга бу сууңдан».
- Эми мен жазамын анын айткандарын,
- Мен го тирүү, ал болсо топуракка оронгон .
Поэмасынын мына ушул жеринен кийин Фирдоуси Дакикинин Заратуштранын кандайча жаралганын, Гуштасп падишах өзү, Лухрасп анын диний окуусун кантип кабыл кылышканын баяндаган бир миң сегиз бейтин кошуп кетет. Дакикинин үзүндүсү боюнча Турандын ханы Арджасп ирандыктардын жаңы динге өтүүсүн билип калып, Гуштаспты андан баш тартуусун талап кылган кат жөнөтөт. Катында айтканыма көнсөң төбөңдөн алтын чачам, жок десең, анда деп төмөнкүдөй мазмундагы сөзүн айтат:
- Каттан бир-эки айдан соң өзүм келем,
- Ээлигиңди баштанаяк кырып чабам.
- Кытайлык түрктөрдүн аскерин алып келем,
- Ушунчалык көптүгүнөн жер чыдап көтөрбөгөн.
- Жейхун суусун мускус менен толтурамын,
- Мускус менен дарыя суусун кургатамын.
- Сенин кооз сарайыңды түгөл өрттөйм,
- Бүт тамырыңы, бутагыңды жоготомун,
Жериңди бир четинен өрткө салам,
- Эч бириңди калтырбай жаага алам.
Гуштасп макул болбойт да, узак согуш башталат. Гуштасп борбору Балхтан Исфандийарга зороастр динин бүт дүйнөгө жайылтууну буюрат. Бирок караөзгөйлөр Исфандийарды Гуштаспка жамандашып, аны камоого кириптер кылышат. Мындан кабардар болгон Арджасп учур келди деп, колун Гуштаспка каршы топтой баштайт. Мына ушул жерге келгенде Фирдоуси айтат:
- Дакики ушерге келип сөзүн токтоткон,
- Убакыт анын ичер суусун түгөткөн.
- Алып тынды анын жанын бу опасыз дүйнөдөн,
- Тыным билбей көп иштеп калгандан соң.
- Бу дүйнөдө калган жок кайран жандан
- Бекибеген сөздөн башка бу акындан .
Бирок айтылуу Фирдоуси замандашы Дакикинин ошол бейттерин бир топ эле катуу сынга алган экен. Муну газневид султан Махмудга жагынуу үчүн жана исламдык динаяттын өкүмү сүрүп турган кезде зороастрдык доорду өтө эле көкөлөтүп мактоодон оолак болуу дурустай деген ой менен жасаган деп ойлоого болот. Анткени, Дакикинин өлүмүнө мына ушул байыркы доорду даңазалоону алдына максат кылган анын поэмасынан кабардар болгон кара күчтөрдүн тукуруусу себеп болгон деген да пикир бар. Жогорудагы тексттер аркылуу ошол зороастр динин башталышында ирандык Гуштасп менен турандык Арджасптын динден улам тирешүүсү дайын болот. Анда туранчылар кайсы динди тутунушкан эле деген суроо келип чыгат. Теңирчиликтиби, же будданыбы? Кат жөнөтөт дегенине караганда б.з.ч. VI к. жазуу кадыресе көрүнүш болуп калган экен. Анда ал кайсы жазма? Неликтен Арджасп ирандыктардын зороастр динине каршы болгон? Ирандыктардын өздөрү каалаган динди тутунуп сыйынуусуна каршы чыккыдай Арджасптын аларга таасири күч беле, же алардын рухий дүйнөсүнө да жол көрсөтүп келген беле? Кытайлык түрктөрдүн калың колун алып келем дегенине караганда туранчы Арджасптын ээлиги Кытайда («хакандык Кытай») беле? А балким орто кылымдык эмгектерде кездешүүчү «Кытайлык хакан» же «хакандык Кытай» деген түшүнүктөр ошол б.з.ч. VI к. бери бар беле? Гуштасптын Балхта, Ардашсптын Кытайда турганына караганда байыркы уламыштын өзөктүү окуялары систандык Иранда да, Армения менен Мидияда да эмес, Хорасан менен Мавереннахрда өткөндөй элес калтырат. Дакики поэмасын толук бүтүргөндө бизге жетпеген көптөгөн маалыматтарды бермек экен. Анын ошол миң бейти Фирдоусинин «Шах-намасы» үчүн чоң табылга болгондугу да чындык. Эмне үчүн султан Махмуд «Шах-намага» салкын карап анчейин көңүлүнө алган эмес? Буга поэмада байыркы зороастр дининин жана маданиятынын үгүттөлүшү, исламга кыйыр түрүндө болсо да кийинки кабыл алынган дин катары мамиле жасалышы, анан да султан Махмуддун өзү түрк болгондуктан байыркы перстердин улуу тарыхына, маданиятына анчейин деле кызыкдар болбогондугу да себеп болгон көрүнөт. Бул поэманы Дакики да, Фирдоуси да Саманиддер бийликте турган кезде башташкан, бирок 1005-ж. акыркы саманид Мунтасирдин каза табышы менен бул байыркы перс уламышынын негизинде жазылган поэмага түрктөрдөн турган газневид, селжук жана караханид өкүмдарларынын мамилеси түз болбой калган өңдүү. Беруни өзүнүн «Хронология» деген эмгегинде Абу Али ал-Балхи тарабынан ыр түрүндө дари тилинде жазылган «Шах-нама» жөнүндө эскерет. В.В.Бартолңддун пикиринче бул ал-Балхи деген Дакикинин өзү деп ырастайт. Бирок Беруни анда биринчи адам Гайомарт жана Аршакиддер жөнүндө айтылат деп жазат. Ал эми Фирдоуси сактап калган Дакикинин үзүндүсүндө булар жок. Мында Дакикиге замандаш келген Бирунинин жазганы ырастай.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жалал Халеги Мотлаг, Туш Дакикинин мекени, 2014-жылы 6-апрелде оңдолгон.
- Ираж Афшар, Чыгыш таануучулардын изилдөөсүндө, институт журналы, 5 сан, 2-жыл, 6-апрель 2014-жылы оңдолгон.
- François de Blois. «EPICS». ENCYCLOPÆDIA IRANICA. بازبینیشده در ۲۲ ژوئن ۲۰۱۶
- Stuart Kelly (5 November 2012). The Book of Lost Books: An Incomplete History of All the Great Books You'll Never Read. Birlinn. pp. 103–. ISBN 978-0-85790-525-3
- History of Civilizations of Central Asia (vol.4,part-1). Motilal Banarsidass Publ. 1992. pp. 91–.ISBN 978-81-208-1595-7.
- Djalal Khaleghi-Motlagh. «DAQĪQĪ, ABŪ MANṢŪR AḤMAD». ENCYCLOPÆDIA IRANICA, December 15, 1993. 6-апрель 2014-жылы оңдолгон.
- Сейид Мухаммад Мохит Табатабаии, Дакикинин диний ишеними. 6-апрель 2014-жылы оңдолгон.
- Persian Literature - A Bio-Bibliographical Survey: Poetry of the Pre-Mongol Period. Routledge. ۹۴–۹۶.
- «Daqīqī». Encyclopædia Britannica. 6-прель 2014-жылы оңдолгон.
- Мухаммад Роушан, Фарсы тили: Кудай намелер жана Фирдоусинин Шахнамэси (Дакики 2)
- Жала Халеги Мотлаг Дакикинин миң бейните көз чаптыруу жана Фирдоусинин сөздөрү менен салыштыруу.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Дабир Сияги Мухаммад, Фарсы ырлары, Маданият жана илим ишканасы, 1374, 99-119 бб.
- Сафа Забихуллах, Ирандагы адабияттын тарыхы, 1-том, Тегеран: Фирдоуси басмаканасы, 1369-ж.
- Рияхи Мухаммад Амин. Фирдоуси: жашоосу, ой-толгоолору жана ырлары. Жаны чыгарылыш 1377-ж.
- Шарият Мухаммад Жавад, Дакики Тусинин дивандары (ырлары). Асатир басмаканасы 1373-ж.
https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%AF%D9%82%DB%8C%D9%82%DB%8C Адабият