Дакфейс

Википедия дан
Дакфейс сүрөткө түшүү

Дакфейс (англ. duckface) – англис тилинен которгондо «өрдөктүкүндөй бет» деген түшүнүктү берет. Көбүнчө интернет колдонуучулары арасында, өзгөчө кыздар арасында сүрөткө түшүүнүн кеӊири таралган бир түрү. Сүрөткө түшүү үчүн болгону оозун өрдөктүкүндөй кылып чормойтуп алат болду. Кызыгы, эч кимге зыяны жок кыздардын бул кылыгына каршы чыгышып, «Антидакфейс» деген кыймыл да уюштурулган. Бул кыймылдын өкүлдөрү «дакфейс – адамдын кыжырын кайнаткан мааниси жок нерсе. Анын үстүнө кыздар минтип сүрөткө түшкөндө канчалык жаман көрүнөрүн түшүнүшпөйт» деген ойду айтышат. Бирок дакфейс жаштар арасында күн өткөн сайын популярдуу болуп бара жатат.