Далилдүүлүк

Википедия дан

Далилдүүлүк – ой чабыттатуу; максаты Далилдүүлүктүн тезиси деп аталган, – тигил же бул корутундунун чындыгын (же жалгандыгын) негиздөө.

Далилдүүлүккө таянып, андан логикалык тезис чыгарган ой жүгүртүүлөр Далилдүүлүктүн аргументтери (негиздери) деп аталат. Аргументтер чындык үчүн кабыл алынгандыктан, алар тезиске таянбоолору керек. Андай болгон учурларда далилдөөчү айлампа деп аталган каталык кетирилет. Тезистин чындыгын аныктаган Далилдүүлүк жөн гана Далилдүүлүк деп аталып, ал эми тезистин жалгандыгын тактаган Далилдүүлүк – төгүндөө деп аталат.

Далилдүүлүк түздөн түз боло алат, б. а. корутунду чыгаруулардын максаты болуп, алардын тутумдары аргументтердин же алардан чыгарылуучу жоболордун маңызы болуп чыгат же кошумча далилдөөлөрдүн жардамы менен далилденет. Акыркысы төмөнкүдөй жол аркылуу жүзөгө ашырылат: кошумча далилдердин жардамы менен айрым бир жоболор такталат, андан кийин бул жоболордун Далилдүүлүгү өзгөчө эрежелердин жардамы менен алгачкы тезисти далилдөөгө кайрадан колдонулат (кошумча далилдөөлөрсүз). Далилдөөдө же тезистин алмашып калышы менен же туура эмес аргументтерди колдонуу менен же далилдөөнүн туура эмес ыкмасы менен каталык кетип калышы мүмкүн. Катачылык кетирген далилдөө туура эмес болуп чыгат. Тезистин чындыгын тактык менен ырастабастан, айрым бир божомол менен ырастоочу далилдин да болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]