Дальтон закондору

Википедия дан

Дальтон закондору. 1. Бири-бири менен хим. өз ара аракеттенишпеген газ аралашмасынын жалпы басымы алардын парциалдык басымдары суммасына барабар. Мындан газ аралашмасындагы каалаган компоненттин парциалдык басымы, жалпы басымдын, ошол компонент моль үлүшүнөн болгон көбөйтүндүсүнө барабар экендиги келип чыгат.

2. Берилген суюктукта газ аралашмасындагы ар бир компонент эригичтиги, туруктуу темп-рада суюктук үстүндөгү компонент парциалдык басымына пропорционалдуу жана аралашманын жалпы басымынан жана башка компоненттер жекечелигине көз каранды эмес. Бул эки закон идеалдуу газдарга гана туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]