Дальтон план

Википедия дан

Дальтон план (туурасы - дальтон-план) - мектептерде окуу-тарбия жумуштарын жекече окууга негиздеп жүргүзүү системасы.

Бул система адеп колдонулган шаар Далтондун (АКШнын Массачусетс штаты) атынан коюлган. Бул планды түзгөн америкалык агартуу ишмери Е. Паркхерст 1904-20-ж. ар кайсы мектептерде тажрыйба иштерин жүргүзгөн.

Дальтон план боюнча окуучуларга предметти тандап алууга, окуу убактысын пайдаланууга эркиндик берилет. Ар бир окуучу күндөлүк ишин кандайча уюштуруу жөнүндө кеңешчи мугалимден көрсөтмө алгандан кийин өз алдынча иштейт. Мында мугалим консультанттык гана роль аткарып, класстык сабак системасы жоюлган.

Дальтон план 20-жылдарда советтик айрым мектептерде да бригада-лабораториялык метод формасында колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.