Дал келүү абалы

Википедия дан

Дал келүү абалы – ар түрдүү заттардын чен-өлчөмдөрү (температура Т, басым Р, өздүк көлөм V жана башка.) маанилери боюнча дал келген абалы. Келтирилген чен-өлчөмдөр аркылуу берилген абалдын теңдемеси бардык заттар үчүн бирдей жана аны дал келүү закону дейт. Бул закон жаңы заттын касиетин изилдөөдө колдонулат. Дал келүү абалы квант эффектиси болбогон жогорку температурада жана молекула аралык өз ара аракет энергиясынын аралыкка көз карандылыгы бирдей болгон заттар үчүн туура жана так аткарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия