Дал келүү принциби
Дал келүү принциби - механиканын кванттык сандын чоң маанисине тийиштүү чектик (предел) учурунда кванттык теориянын натыйжасы классикалык теорияныкы менен дал келүүсүн талап кылган постулаты. Бор суутек атомунун түзүлүшүнүн кванттык теориясын иштеп чыгып, аны атомдун спектрин түшүндүрүү үчүн колдонууну сунуш кылган (1927). Дал келүү принцибине ылайык атомдун нурлануу энергиясынын, спектрдин жогорку толкундук бөлүгүндө спектр боюнча бөлүштүрүлүшү, кванттык сандын чоң маанилерине туура келет жана классикалык электрдинамикадагы Рэлей-Жинстин законундагы энергиянын бөлүштүрүлүшүндөй болот. Кийин дал келүү принциби кенен мааниге ээ болуп, ал физикалык кубулушту терең изилдөөдөгү жаңы теория, эски теорияны өзүнө айрым учур катары камтышы керектигин көрсөткөн логикалык талап (эреже) катары каралат. Мисалы, релятивдик механика кичине ылдамдыктар чегинде (v<<c) Ньютондун механикасына, бөлүкчөнүн де Бройль толкунунун узундугу системанын өлчөмүнөн кичине болсо, анда кванттык механика классикалык механикага өтөт. Бул чектик өтүш Планк турактуулугунун нөлгө умтулушуна туура келет, себеби де Бройль толкун узундугу: λ=h/p, мында p бөлүкчөнүн импульсу. Классикалык механиканын h/p→0 шартында, квант механикасынын негизги Шрёдингер теңдемеси классикалык механиканын Гамильтон-Якоби теңдемесине өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5