Даминова Минавар Нурдиновна

Википедия дан

Даминова Минавар Нурдиновна (1940-ж. т., Сузак району, Благовещенск айылы) - опера ырчысы (меццо-сопрано). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992).

1957-ж. Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын вокалдык-хор студиясын таланттуу таанымал ырчылар К. Мухтаров, К. Арзиев, В. Муковников, Т. Сейталиев, А. Нуртазинден бүтүргөн. 35 жыл театрга коюлган спектаклдердеги хордо ырдаган.

1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө жандуу катышкандыгы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.