Данги оникс кени

Википедия дан

Данги оникс кени Ош облусунун Ноокат районунда, Араван–Эскиноокат жолунан 1,5 км чыгыш тарапта, Аравансай суусунун Данги каньонуна кошулган жеринде. Кендеги мрамор оникси канъондун боорунда линза жана туюк карст үңкүрлөрүндө уюма кыртыш түрүндө. Линзалардын узундугу 5–8 м, калыңдыгы 0,1–0,2 м. Түсү кызгылт, чанда жез сымал саргыч, жол-жол темгилдүү. Таш өтө кооз, блокторго жакшы бөлүнөт. Көркөм кооз буюмдарды жасаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]