Даниель Дефо

Википедия дан

Дефо Даниель - (1660-ж. чен, Криплгейт – 26. 4. 1731, Мурфилдс) – англиялыкжазуучу , саясий ишмер , англис реалисттик романын баштоочу. Яков IIге каршы герцог Монмауттун козголоңуна катышып, 1688–89-жылдагы «Даңктуу революция» деп аталган мамлекеттик төңкөрүштү жактаган. «Таза кандуу англис» (1701) аттуу сатиралык ырында жана «Диссиденттерди жазалоонун эң оңой жолу» (1702; бул чыгарма үчүн камакка алууга өкүм чыгарылган) памфлетинде ак сөөктөрдү, фанатизмди ашкерелесе, «Долбоордун тажрыйбасы» (1697) сыяктуу чыгармаларында буржуазиялык өнүгүүнү жактаган. 1720–22-ж. «Жигиттин аңгемеси», «Капитан Сингльтон», «Полковник Жактын тарыхы» деген романдарды жазган. Укмуштуу окуялуу романдарынын ичинен «Молль Флендерс» (1722) авантюралык чыгармасында өз табынан ажырагандардын – буржуазиялык коомдон жапа чеккендердин кунарсыз турмушун чагылдырган. Дефонун белгилүү «Робинзон Крузонун укмуштуу окуялары» романы (1719) кыргыз тилине которулган (1964).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1