Данияров, Базаркул

Wikipedia дан

Базаркул Данияров (Bazarkul Daniyarov; 1897 - 1942) - кыргыздын чыгаан агартуучусу, коомдук ишмери, окуу китептеринин автору. Ал сталинизм доорунда жазыксыз жазаланып, абакта набыт болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз агартуучусу Базаркул Данияров Байбото небереси 1897-жылы Кыргызстандагы Кемин өрөөнүндөгү Чоң-Кайыңды айылында оокаттуу кишинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Данияр Байбото уулу өз уруусундагы таасирдүү төбөлдөрдөн болгон. 1916-жылкы Үркүндө Базаркул ата-энесинен, Иман деген инисинен ажырап, Батыш Кытайдан туулган жерине кайтып келет.


Айрым маалыматтарда анын төрөлгөн учуру катары 1895-жыл көрсөтүлөт. Бирок да көпчүлүк маалыматтарда ал 1897-жылы төрөлгөнү, жарык дүйнөгө келген жери Чоң-Кеминдин Кайыңды айылы, атасы Данияр Байбото уулу оокаттуу адам болгондугу, уруусундагы таасирдүү кишилерден экени айтылат.

Айылындагы Шабдан ачкан мектептен окуп, совет бийлиги келгенче эле кат-сабаты ачылган, жаңы заманды чочуркабай кабыл алып, анын жамы журтту туташ сабаттуулукка жеткирүү демилгесин колдоп, ага болгон аракетин жасаган улуу агартуучулардын бири болгон.

Ташкендеги казак-кыргыз агартуу институтун 1924-жылы аяктагандан кийин Жалал-Абад менен Ошто мектептер ачып, мугалимдик кылып, билим берүү бөлүмдөрүн жетектеп, Бишкекке кайтып келген соң, Борбордук педагогикалык техникумда окуу бөлүм башчысы, директору болуп иштеген.

Ага улай Ташкендеги кызыл профессура институтунан окуп, илимий иштерге аралашат.

1930-жылдары агасы Бакир кулакка тартылып, 1937-жылы өзү камакка алынып, экөө тең сталиндик ГУЛагдан кайтпай калышат.

Базаркул Данияров 1942-жылы Орусиянын Свердловск облусундагы саясий камактагылар түрмөсүндө каза болгон.

Агартуу иштерине баш-оту менен берилип, саясий кине, айып коюуга эч бир негиз бербеген иште жүрүп, Базаркул Данияровдун камакка алынышына эки жагдай себепкер болгону айтылып келет. Биринчиси, анын Өктөбүр ыңкылабына чейинки эл бийлөөчү таптын өкүлүнөн болгондугу. Ушул негизге таянып 1916-жылкы Үркүн азабынан өлгөндөн калган Даниярдын чоң уулу Бакир кулакка тартылып, Сибирде жок болот. Анын сегиз баласын бутуна тургузуу түйшүгү Базаркул Данияровго жүктөлгөн. Агасы камалгандан беш жыл өткөндө өзү камакка алынып, беш жылдан кийин Уралда каза болуп отурбайбы.

Базаркул Данияровдун камакка алынышына себеп болгон экинчи жагдай катары анын Касым Тыныстановдун 1925-жылы Москвадан жарыкка чыккан ырлар жыйнагына жазган баш сөзү, улуу инсанды жактоочулардын бири болгондугу белгиленип жүрөт. [1]

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда кыргыздын агартуучусу Базаркул Данияровдун (1897-1942) өмүрүнө жана ишмердигине арналган студенттик илимий жыйын болду. 16.5.2015. [2]

Айрым эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Баш сөз // К.Тыныстан уулу. Ырлар жыйнагы.
  • Баш сөз // Молдо Кылыча Шамырканов. Канаттуулар. 1925.
  • Метр чендери. - Фрунзе, 1928.
  • Эсеп китеби (А.Шабданов менен калемдешип). Фрунзе, 1928.
  • Чоңдорго кат таануу алиппеси. (И.Арабай уулу, К.Тыныстан уулу менен калемдешип). Фрунзе, 1928.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. http://www.azattyk.org/a/stalinism_bazarkul_daniarov_1930s_repressed_kyrgyz_scientist/28763691.html?nocache=1
  2. http://ogpi.kg/zhaylyktar/299-bazarkul-daniyarov-birinchi-pedagog.html