Дан кургатуу

Википедия дан

Дан кургатуу – эгинди жана ар кандай өсүмдүк үрөнүн сактоого, Ошондой эле аларды азык катары пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү технологиялык ыкма. Кургаткандан кийин дан массасынын физиология активдүүлүгү кескин төмөндөйт. Дан эгиндеринде 20–25%ке чейин ным болот. Мындай ашыкча нымдан дан көгөрүп, түтөп кетет. Дан нымдуулугу 14%тен ашпаган учурда жакшы сакталат. Жылуулукту пайдаланбай дан кургатуу жана жылуулукту пайдаланып дан кургатуу болуп 2 топко бөлүнөт. Биринчи ыкмада нымды өзүнө тартып алуучу нык заттар (кургак жыгач, хлордуу кальций, натрий сульфаты жана башка), кургак аба пайдаланылат. Бул ыкма технология жана экономика жактан натыйжасыз, көбүнчө үрөн кургатууда колдонулат. Жылуулукту пайдаланып дан кургатуу кеңири таралган. Жылуулуктун келишине жараша бул ыкма бир нечеге бөлүнөт: кондуктивдүү ыкма менен кургатууда дан ысытылган нерсенин (мисалы, кыштан, темирден даярдалган) үстүнө тегиз жайылып кургатылат. Конвективдүү ыкмада ысык аба данды аралап өтүп, текши кургатат. Бул ыкма бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Радиациялык кургатууда жылуулук данга нурлантуу аркылуу жиберилет. Данды генератордон алынуучу инфракызыл нур менен кургатуу ыкмасы иштелип чыккан. Кырманда данды шамалдатып, күнгө кургатуу да радиациялык ыкмага кирет. Электр кубаты менен ан кургатуу ыкмасында дан тез, текши кургап, сапатын жоготпойт. Кургатылган дан узак убакытка сакталат, сапаты жогорулайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Теория и техника сушки зерна. М., 1970.