Дарган

Википедия дан

Даргантопоним. Кыргыздар эзелтен жашап келе жаткан жерлердин бири катары "Манас" эпосунда көп эскерилет. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздардын калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: "Баарын алар түк койбой Башы Бабыл, Дарганды, Аягы Намут, Ара-Көл дайраны" (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 606-б.), — деп Манас ата-бабасынан калган мекени катары башка жерлер менен катар Д-ды да бошоторун айтат. Географиялык реалияда Д. (Дарган-Ата) — Түркмөнстандын Чаржоу областына караштуу аймак (Аму-Дарыянын боюнда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4