Дарек

Википедия дан

Дарек ― 1) адамдын жашаган жана мекеменин, ишкананын, уюмдун турган жери; 2) информатикада ЭЭМдин эс облусун (регистр, уяча, бет ж. б.), анын сырткы түзүлүшүн же информациялык, эсептөө тармактарынын түйүндөрүн аныктоочу сан же символдук белгилөө; ЭЭМде маалыматтын жайгашуу ордун аныктоочу код. Адрестин түрлөрү: чыныгы адрес (уячалардын (блоктун, түзүлүштүн) номуруна туура келген конкреттүү коддор)<nowiki>; салыштырма адрес (өзгөчө тандалган айрым уячадан, көбүнчө анын буйруктары сакталган эстин уячаларынан баштап эсептелген эс уячаларынын номуру); символдук адрес (программалоодо ыңгайлуулук үчүн колдонулган адрестин шарттуу белгилениши). Адрес машинада уячаларга туура келүүчү кайрылууну камсыз кылган башкаруучу сигналдар системасына дешифратор менен өзгөртүлөт. Дешифраторго келгени аткаргыч адрес, ал эми ЭЭМдин эсинен алынуучу буйруктардын курамындагысы баштапкы же жөн эле адрес деп аталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1