Дарсонвализа

Википедия дан

Дарсонвализа - жыштыгы жана чыңалуусу жогору, бирок күчү аз импульстук ток менен дарылоо методу.

Бул методду 1-жолу Ж. А. Д’Арсон- валь сунуш кылган (1891). Дарсонвализа ооруган жерге жана жалпы берилет. Жалпы Дарсонвализада оорулуу адам «Д’Арсонваль бөлмөсүнө» жайгаштырылат. Дарсонвализада ткандардагы физ.-хим. процесстер өзгөрүп, борбордук нерв системасынын иштеши, зат алмашуу, кан жүгүрүү ж. б. жакшырат.

Дарсонвализа невралгия, угуу нерви сезгенгенде, гипертония ооруларында, уйку бузулганда ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.