Дарчы

Википедия дан

Дарчы — эки таянычка керилген аркандын үстүндө оюн көрсөтүүчү цирк артисти. Дарчылык өнөр байыртадан Рим, Кытай, Кавказ, Персияда кенен таралган. Орто кылымдардан тартып Орто Азия, Кавказ, Европа, кийинчерээк Түштүк Америкага тараган. Ал эми, 19-к. 2-жарымынан тартып Россияга таралган. Дарчы эл чогулган жыйында музыканын коштоосу менен ачык аянттарда оюн көрсөткөн. Шартка жараша дардын бийиктиги ар кандай болуп, аркан ар түрдүү материалдан чыйратылат. Дарчынын оюну цирк артисттеринин программасына кеңири программа катары кирди. Дарчылык өнөр муундан-муунга, атадан балага берилип, шамдагайлыкты, күчтүү эркти талап кылат. Учурда Фергана өрөөнү тараптарда, Кытайда эл жыйылган жерлерде көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]