Дарымдар
Көрүнүш
Дарымдар Адам ооруганда,жылан же курт чакканда ,башка бир кеселге ,кырсыкка дуушарланганда айыктыруу же ууну,дартты чыгаруу үчүн атайын дарымчы адамдар тарабынан аткарылчу ырлар.М:Жылан чакканда мындай дарым айтылган:
Кереч-кереч,кер жылан,
Керегедей бир жылан.
Майрың-туйруң бир жылан,
Мама желим кыз жылан.
Убай жылан,чубай жылан,
Ок жылан,чок жылан.
Кара тоонун боорунан,
Илек-илек келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ж.Шериев,А.Муратов Адабият Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү Бишкек-1994