Дастан трансулуттук корпорациясы

Википедия дан

«Даcтан» транcулуттук корпорациясыачык акционердик коом (1993). Бишкектеги Кыргыз CCРинин 50 жылдыгы атындагы «Физприборлор» заводунун (1956) базасында уюшулган. Коом – КМШда деңиз аскеринин курал-жарактарын‚ суу алдындагы-техника атайын багыттагы каражаттарды куруучу негизги ишканалардын бири. Коргонуу комплексинин жогорку технологиясы медициналык техниканы өндүрүү үчүн пайдаланылат‚ ал техникалар менен КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн медицина мекемелери жабдылган. Жаңы экономика шарттарда иштөө мезгилинде өндүрүштүк-техника багыттагы буюмдарды, эл керектөөчү товарларды чыгаруу өздөштүрүлдү. Москва‚ Красноярск‚ Новосибирск‚ Екатеринбург (Россия)‚ Полтава (Украина) шаарларында корпорациянын сервистик кызмат көрсөтүү борборлору менен өкүлчүлүктөрү түзүлгөн. Коом 1994-ж. «Алтын глобус» Эл аралык сыйлыгына татыган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия