Дасторкон

Википедия дан

Дасторкон (фарсча дастар-жоолук), тасмал - 1) үстүнө тамак-аш коюлчу кастарлуу буюм. Дасторконду жайганда туюк учу төрдү каратылып, алгач нан коюлат. Дасторкон байыртадан таза, ыйык буюм катары саналып, үстүнөн эч ким аттабаган. Учурда дасторкондун кездеме, клёнка жана башка материалдардан жасалган көп түрлөрү бар. 2) Берилүүчү тамак-аштын жалпы аталышы. Дасторкондон даам татуу улуулата нан ооз тийүүдөн башталат, чай куюлган чыны солдон оңду карай сунулат. Дасторкон жайып, тамак ичип олтурганда үйгө келген конокту пейили, ниети таза адам катары урматтап тосуп алышып, сый көрсөтүшөт. Салт боюнча конок уй ээлерине: "Дасторконуң кең болсун, үстүндө тамак-ашың мол болсун, үйүңөн кут, береке кетпесин,"- деп бата берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1