Даулат Абад багы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Даулат Абад багы (باغ دولت آباد)[оңдоо | булагын оңдоо]

Даулат Абад багы Ирандын Йезд шаарынын байыркы бактарынын бири. Даулат Абад багында жайгашкан узундугу 33,8 метрди түзгөн бадгир (кыштан жасалган шамал тутуучу мунара) дүйнөнүн эң бийик бадгири деп эсептелет.

Аталган бак 1968-жылы12-мартта, 774 номуру менен “Ирандын улуттук эстеликтеринин” тизмесине кирип, Ирандын эң маанилүү тарыхый бакчаларанын бири катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Даулат Абад багы Йезд шаарында 1782-жылы Афшариддер доорунун акырында ( Улуу Хан аты менен белгилүү болгон) Мохаммад Таги Хан Бафаги тарабынан курулган. Мохаммад Таги Хан алгач ал узундугу 65 чакырымды түзгөн канал каздырып, ага Мехризден Йезд шаарына азыркы ДаулатАбад бакчасына чейин суу коё берген, андан кийин өзүнүн Өкмөттүк комплексине курдурган. Өзүнө 70 000 квадрат метрге жакын аянтты камтыган бул бакча көптөгөн имараттардан, көлмөлөрдөн, бир бири менен байланышкан шаркыратмалардан туруп, алардын ортолору анар, жүзүм жана башка түркүн гүлдөр менен кооздолгон. Даулат Абадтын Улуу тарыхый канал 200 жыл мурда курулуп, беш каналчадан турат жана ага Мехриздин жогору жагында жайгашкан булактын суусу агып келип Мехриздин жерлерин сугарып, бир нече суу тегирмендерин иштетип, 50 чакырымда жайгашкан Йезд шаарын чейин жетип, Даулат Абад бакчасын суугарып турган. Бирок азыркы учурда бул бакча жерден чыгарылган кудук аркылуу сугарылат. Абдулреза Йездинин атасы Таги хан Бафаги, Султанали хан Афхамдын вазири жана Афхам Ибрахими Афхамдын үй-бүлөсү болуп эсептелинген. Буларды тастыктаган кагаздар, Афхам Ибрахиминин үй-бүлөсүнө таандык иш кагаздары менен кошо сакталып калган.

Даулат Абад багынын түрдүү бөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул бак эки бөлүктөн: сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Доулат Абад өкмөт жашоочу бак деп эсептелет. Сырткы бөлүктө ар кандай өкмөттүк иш-чаралар, спорт мелдештери, ар кандай мааракелер жана шаарды башкаруудагы иш-чаралар өткөрүлүүчү жай, ал эми ички бөлүгү жеке бөлүк жана өкүмөттүн резиденциясы болуп эсептелген. Өкмөт жайгашкан ички бөлүк, бакчанын башка бөлүктөрүнөн кыйла өзгөчөлөнүп турган. Жада калса, аны коргоо үчүн атайы кароолчулар дайындалган.

Ички бөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул бөлүктө башкарма үй-бүлөсү менен жашап, ал жерде төмөнкү имараттар жайгашкан:

  • Кыштан курулган имарат (жайкы бадгир)
  • Гарем (имараттын же үйдүн кароого алынган жашай турган жабык бөлүгү)
  • Ашкана
  • Кароол мунарасы
  • Менчик суу сактагыч
  • Жайкы жана кышкы аткана
  • Кыштан курулган имарат (оңдоо)
  • Кыштан курулган имараттагы суу менен абанын айкалышы төп келишип, эң кооз көрүнүштү чагылдырган жери комплекстеги эң маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бул имараттын жер төлөсүндөгү суу менен бадгирден кирген аба биригип, имараттын хан отурган жана башка залдарын салкындатып турат. Ушундан улам бул имарат “жайкы үй” деп аталып калган. Бул имарат атайын шах жана анын жакын адамдары үчүн жасалган тор эшиктери бар үч бөлмөдөн, бадгир бөлмөсү, кире-бериш жана эки кампадан туруп, анын жалпы көрүнүшү сегиз бурчтукка окшош. Бадгирдин өзү сегиз суу түтүгүнөн турат. Абдан кылдаттык менен кооздолгон ортоңку бөлүктүн чатыры Хажи Али Акбар Ахвандын чеберчилигине таандык.

Сырткы бөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул бөлүк кербендер эс алуучу жай, өкмөттүк иш-чаралар өтүүчү бөлүк болгон жана ал жерде төмөнкү имараттар жайгашкан.

  • Короо жана анын кире бериши
  • Күзгү залы
  • Тегеран имараты
  • Эки базарча
  • Коомдук суу сактагыч

Жайгашкан жери[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул комплекстин негизги дарбазасы Фердоуси көчөсүнүн исинде жайгашкан Чахар менардагы (Төрт мунара) Шахид Режаи көчөсүндө жана экинчи дарбазасы Даулат Абада бульварында жайгашкан.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Архитектуралык атлас. Негизги.
  • ЮНЕСКО уюмунун сайты
  • Даулат Абад багынын расмий сайты
  • “Афтаб” интернет булагы “Даулат Абад багынын тарыхы”.
  • Садег Алихани “Даулат Абад багы”.
  • Йезд облусунун маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм башкармалыгы

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A8%D8%A7%D8%BA_%D8%AF%D9%88%D9%84%D8%AA%E2%80%8C%D8%A2%D8%A8%D8%A7%D8%AF

тармагы: Маданият