Даунтаун кечилкана

Википедия дан
Даунтаун кечилкана (Highclere Castle).

"Даунтаун кечилкана" (англ. Downton Abbey) - тарыхый доорду баяндаган драма жанрындагы телесериал. Сериалдын жаратуучусу Жулиан Фелловерс жана ал Carnival Films жана Masterpiece студияларынын орток продюсерлигинин негизинде тартылган. Сериал алгач 2010-жылы, 26-сентябрда Улуу Британиядагы ITV телеканалында жана 2011-жылы, 9-январдан баштап Masterpiece Classic бөлүгү катары АКШдагы PBS каналында көрсөтүлө баштаган.

Сериал көптөгөн мактоолорго арзып, телеберүү сынчыларынан жакшы сын-пикирге ээ болуп, көптөгөн сыйлыктарды жеңип алган. Алардын ичинде "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты мини телесериал" наамын жана "Primetime Emmy Award" сыйлыгынын "Эң мыкты минисериал же тасма" наамдарын жеңип алган. Ошондой эле "Даунтаун кечилкана" 2011-жылда англис тилиндеги телесериалдардын арасында эң көп жакшы сын-пикирге ээ болгондугу үчүн Дүйнөлүк Гиннес китебине киргизилген. Ал "Primetime Emmy Awards" сыйлыгынын тарыхында эл аралык телесериалдар номинациясында жалпысынан жыйырма жети (эки серия сайын) наамды жеңүү менен эң көп жеңишке ээ болгон тасма аталган. Ошондой эле ал ITV жана PBS телеканалдарындагы эң көп көрүлгөн телесериал болуу менен, 1981-жылкы "Брайдсхедке кайтып келүү" (англ. Brideshead Revisited) телесериалынан кийинки эң популярдуу британиялык драма болуп эсептелинет. Ал эми үчүнчү сериясынан баштап дүйнө жүзү боюнча көрүлгөн сериалдардын катарын толуктаган.

2015-жылы, 26-мартта Carnival Films жана ITV каналы алтынчы серия телесериалдын акыркы бөлүмү деп жар салышкан. Сериал 2015-жылы,20-сентябрдан - 2015-жылы, 8-сентябрга чейин ITV каналында көрсөтүлгөн. Ал эми жылдык Рождествого арналган чыгарылышы 2015-жылы, 25-декабрда көгүлтүр экранга чыккан. Учурда анын кийинки бөлүмдөрүн тартуу боюнча пландар жок болсо да, келечекте адаптацияланган тасма тартылат деген кептер бар. Бул боюнча тасманын башкы продюсери Гарет Ним анын тартылышына абдан кызыкдар экендигин билдирсе, букмекер Лэдрок "тасма чыкканга чейинки убакыт маанилүү" деп билдирген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]