Даутов, Кадыркул

Википедия дан

Даутов, Кадыркул - сынчы, адабиятчы. 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1970–1973-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.

1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974–1975жж. Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976–1981-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы, 1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985–1986-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген. 1999–2005-жж. Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2005–2007-жж. И.Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.

1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырдын өмүрү: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 112 б.

Жаңы чектерге: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 216 б.

Главное – поиск: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: 1982.

Сөз өнөрүнүн эстетикасы: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 191 б.

Таланттар жана тагдырлар: Адабий макалалар. – Ф.: Адабият, 1988. – 224 б.

Тереңдиктер жана бийиктиктер: Макалалар. – Ф.: Адабият, 1991. – 272 б.

Адабий сын кантип жаралган?: Монография. – Б.: 2002. – 247 б.

Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү: Монография – Б.: Басма Тамга, 2003. – 400 б.

Мезгил сыны жана мен. – Б.: Бийиктик, 2004. – 525 б.

Түркүн дүйнө элестеринен. – Б.: Бийиктик, 2005. – 333 б.

Издегеним тубаса акын, тунук поэзия. – Б.: Бийиктик, 2008. – 476 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]