Даңги оникс кени

Википедия дан

Даңги оникс кениОш облусунун Ноокат районундагы оникс кооз ташы жаткан жер. Араван–Эски-Ноокат автомобиль жолунан 1,5 км чыгыш тарапта, Араван-Сай суусу Даңги шаңшаарына кошулган жерде. Кендеги мрамор оникси шаңшаардын боорунда линза жана туюк карст үңкүрлөрүндө уюма кыртыш түрүндө. Линзалардын узундугу 5–8 м, калыңдыгы 0,1–0,2 м. Түсү кызгылт, чанда жез сымал саргыч, жол-жол темгилдүү. Таш өтө кооз, блокторго жакшы бөлүнөт. Көркөм кооз буюмдарды жасаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия