Даң-Даң

Википедия дан

Даң-Даң "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кампас калаасынын балбаны. Манасты өлтүрмөкчү болуп келген Нескаранын колу менен болгон урушта жекеде кыргыздардын Күнөс деген балбанын өлтүрүп, өзү казак баатыры Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4