Дебеги

Википедия дан

Дебеги"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Акунбешим паашанын улуктарынан. Чүйдү калмактардан бошотуу үчүн келе жаткан Манаска каршы аттанууда Акунбешим Д-ни да чакырат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129). Коңурбай Мааникерди сурап чыр салганда да душмандар тарабында (Сагымбай Орозбаков, 3. 129), ал эми Чоң казатта "Кумардын уулу Дебеги" кыргыз баатыры катары кытайды кууп барып, "Оң колунун карыга" ок жаңылтып качып келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 347).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4