Мазмунга өтүү

Дебет

Википедия дан

Дебет (лат. debеt – ал милдеттүү) – эки тараптуу таблица формасындагы бухгалтериялык эсептин сол тарабы. Актив эсебинде дебет бардык түшүүлөр киргизилүүчү кириш бөлүгүн‚ пассив эсебинде бардык чыгымдар киргизилүүчү чыгыш бөлүгүн түзөт. Дебетте ар айдын башталышында эске алынуучу баалуулуктар жана алардын ай ичинде түшүшү көрсөтүлөт. Бухгалтериялык эсептеги ар бир операция бирдей суммада эки жолу: Дебетте жана кредитте жазылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан:энциклопедия