Девианттуу жүрүм-турум

Википедия дан

Девианттуу жүрүм-турум – коомдо кабыл алынган укуктук же адеп-ахлактык нормаларга каршы келген кылмыш же мыйзам тарабынан жазаланбай турган жүрүм-турум сыяктуу

Девианттуу(нормалардан четтеген, бузулган) жүрүм-турумду изилдеген окууларда негизги көңүл анын мотивдери, себептери менен шарттары, аны алдын алуу жана жөнгө салуу маселелерине бурулат. Кылмыш Девианттуу жүрүм-турум катары психологиялык изилдөөлөрдү пайдалануу менен криминология илими тарабынан иликтенет. Укуктук жазаланбай турган Девианттуу жүрүм-турум да адепсиз иш-аракеттерди жасоону шарттаган туруктуу психологиялык касиеттердин калыптанышына алып келген тарбиянын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.

Балалык жана өспүрүмдүк курактарда жасалган Девианттуу жүрүм-турум инсандын калыптануу процесси толук аяктай электиги, үй бүлөнүн тескери таасири жана жаш адамдын өзүн курчаган девианттуу жүрүм-турумдагы өспүрүмдөрдүн таасиринен көз карандылыгы менен шартталат.

Жетилген курактагы адамдардын Девианттуу жүрүм-турум инсандын туура эмес өнүгүүсүнүн же адамдын турмушундагы айрым жагымсыз жагдайлардын кесепети болушу мүмкүн. Девианттуу жүрүм-турумду алдын алуу үчүн адамды бала чактан тартып эле моралдык нормаларга сый мамиле кылууга тарбиялоо жана адеп-ахлактуу адаттарга көндүрүү эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8