Дегейтер Дежейтер Пьер

Википедия дан

Дегейтер, Дежейтер Пьер (8.10. 1848-27. 9. 1932) - француз композитору.

Эл аралык пролет, гимн «Интернационалдын » музыкасын жазган. 1920-жылдан Франция компартиясынын мүчөсү. 1880-ж. Жумушчу партиясыяын лилль бөлүмү уюштурган «Жумушчу лирасы» аттуу обончулар коомуна хормейстер. Дегейтер музыкасын жазган (1888) «Интернационал» бүткүл Франция ж. б. өлкөлөргө, 20 кылымдын башында Орусияга тараган. Бул Октбярь революциясынан кийин СССРдин гимнине, 1944-жылдан КПССтин гимнине айланган. «Алга, жумушчу табы», «Орок жана балка», «Орус революциясынын салтанаты» ж. б. ырлардын автору. 1928-ж. СССРге келген. 1962-ж. Москвадан Дегейтердин ырлар жыйнагы (иштеп чыккан-В. А. Белый) чыкты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.