Мазмунга өтүү

Дегенбаева Алымкан

Википедия дан
Дегенбаева, Алымкан‎»‎ барагынан багытталды)

Дегенбаева, Алымкан - Акын, Кыргыз Республикасынын жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ондон ашык ыр жыйнактарынын жана бир катар китептердин, дүйнө элдеринин классикалык адабиятынын жана драмалык чыгармалардын кыргыз тилине котормосунун автору.

Алымкан Дегенбаева 1941-жылы 12-майда Кыргыз ССРинин Москва районунун Беловодск айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1958-1962 - А.Дегенбаева алгач фабрикада тигүүчү, Сүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык Эл чыгармачылык үйүндө машинистка, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу.

1962-жылы башталып, алгачкы «Кызыл мончок» аттуу ырлар жыйнагы 1972-жылы жарыкка чыккан. Ошол эле ырлар жыйнагы «Советский писатель» басмасынан «Красные бусы» деген ат менен орус тилинде 1984-жылы басылып чыккан. А.Дегенбаеванын чыгармалары украин, өзбек, казак тилдерине которулган.

1962-жылдан тартып анын ырлары республикалык ар кайсы журнал, гезиттерде басылып келет. Ырлары орус, украин, өзбек, казак тилдеринде жарык көргөн.

1976-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Алымкан Дегенбаева 30 жылдан ашуун өзүн Кыргызстандын театр искусствосуна арнаган, ошондой эле Ош кыргыз драма театрында, Кыргыз академиялык драма театрында, Чүй облустук Шаршен атындагы театрда жана Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген - Аадабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

1996-жылдан тарта А.Дегенбаева Бишкек шаардык А.Өмүралиев атындагы драма театрында жигердүү эмгектенип келет жана БШДТнын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Бул жылдар аралыгында дүйнөлүк классикалык драмаларды кыргыз тилине которуу боюнча бир топ эмгектерди жараткан. Философиялык жана акындык өнөрдү мыкты өздөштүргөн А.Дегенбаева кыргыз адабиятына дүйнөлүк маданияттын шедеврлери – Софокл, Гольдони, Карло Гоцци, В.Шекспир, Ф.Г. Лорка, Х.Р. Хименес, П.Мериме, Ж.Жуэ, А.Попеску, Э.Ионеску, М.Нортон, А.Пушкин, А.Чехов, О.Розум, Омар Хайям, Бабур, Увайси, М.Тикамацу, А.Куросава, Д. Юлдашев, А.Зинчук, Ч.Айтматов, Т.Осмонов ж.б.дын чыгармаларын жаны нукта тааныштырган.

А.Дегенбаева театрда көп жыл үзүрлүү эмгектенип, искусствого кызмат кылуунун чыныгы жолун жаштарга үйрөтүп, эгемен Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.

А.Дегенбаеванын чыгармачылык ишмердиги жогору бааланып «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилөөдөгү каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана

2001-жылы «Кыргыз Республикасынын А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган.

2001 - «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери».

Сыйлык

Жарык көргөн китептери:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кызыл мончок"- Ырлар жыйнагы. – "Кыргызстан" басмасы, Фрунзе шаары, 1972. – 56 б.

"Түйүн" - Ырлар жана поэма. – "Кыргызстан" басмасы, Фрунзе щаары, 1977. – 64 б.

"Күдөр" - Ырлар. – "Мектеп" басмасы, Фрунзе шаары, 1979. – 88 б.

"Чоң эне менен небере" –- Ырлар - "Мектеп басмасы", 1983. – 12 б.

"Бозунач" - Ырлар жана поэмалар. – "Кыргызстан" басмасы, Фрунзе шаары,, 1984. – 149 б.

"Шамшыкал" - Ырлар, поэмалар. – "Кыргызстан" басмасы, Фрунзе шаары,, 1987. – 92 б.

"Портреттер" - Ырлар жана поэма. – "Адабият" басмасы, Фрунзе шаары, 1995. – 152 б.

"Суусаган тамырлар" - Ырлар жыйнагы. – Б., 2006. – 145 б.

"Айколдун Урпактары" - Ырлар - "Бийиктик Плюс" басмасы, Бишкек шаары, 2016, - 288 б.

"Пьесалар"- Оюндар жыйнагы - Бишкек шаары, 2023 - 904 б.

Красные бусы: Сборник стихов. – Идательство "Советский писатель", Москва, 1984 г.

А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында коюлган спектаклдер:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 1995 -жыл, 7 июль– Ч. Айтматов “Кызыл алма”

 1996-жыл, 7- февраль – Мондзаэмон Тикамацу «Амижжима» - «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык»

 1997-жыл, 6- февраль – “Шайтан аял же сүйүү ышкысы – Клара Газул театрындагы фантазиялар”

 1997-жыл, 6- февраль - Проспер Мериме «Аял-азыткы же ак жолунан адашкан Антоний» - комедиясы

 1997- жыл, 8-июль – Ф.Г . Лорка «Айды карап толго салаар жан болсом...»

 1998-жыл, 15- май – У. Шекспир «Кут Каган» - трагедиясы

 1999-жыл, 10- июнь– У. Шекспир «Жайдын түнүндөгү түш» - комедиясы У. Шекспир - «Бороон»

 1999-жыл, 24- декабрь – А. Попеску «Күн чубак» жомогу

 200-жыл, 9- январь– А. Хаким «Алтын тери» - трагедиясы

 2001-жыл, 22- март – А. Пушкин «Моцарт жана Сальери» - трагедиясы

 2002-жыл, 2- апрель – Софокл «Эдип-Падыша» - трагедиясы Софокл, Еврипид «Алтын чууда» Софокл, Еврипид

 2002-жыл, 2- октябрь – Жак Жуэ «Үч жолку үч каалоо же табуу жөндөмү» мисалы

 2003-жыл, 27-28 ноябрь – Б. Парманов «Эскерүү менен сизге жетем» дүйнөлүк адабияттагы чыгармалардын фрагменттери

 2004-жыл, 7- декабрь – Т. Осмонов «Юсуфтун акыркы кечи» (Ж. Баласагындын «Кут алчу билим») китебинин негизинде Т. Осмонов, «Ыйык Курманжан»

 2005-жыл, 6 октябрь . – «Дүйнө ирмем» А. Зинчуктун кыскача мисалынын негизинде

 2006-жыл, 9 ноябрь Юлдашева Динара “Кожо Насирдин”

 2008-жыл, 6- июнь– Ч. Айтматов, «Эсимде» - поэтикалык драмасы.

 2008-жыл, 6- июнь– Ч. Айтматов, “Джамиля”, “Саманчынын жолу”

 2015-жыл – К. Гоцци «Турандот»

 2019-жыл, 25- сентябрь – А.П. Чехов «Алчалуу бак»

 2014-жыл - О. Розум - «Сыйкырдуу тарсылдак»

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]