Дегенбаева, Алымкан

Википедия дан
Дегенбаева Алымкан‎»‎ барагынан багытталды)

Дегенбаева, Алымкан - акын, котормочу.

1941-жылы 12-майда Москва районунун Беловодское айылында туулган. 1961–1967-жж.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

А.Дегенбаева 1958-жылдан алгач фабрикада тигүүчү, Сүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык Эл чыгармачылык үйүндө машинистка, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, Кыргыз Мамлекеттик драма театрында жана Чүй облустук Шаршен атындагы театрда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Азыр А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенүүдө.

А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы 1962-жылы башталып, алгачкы «Кызыл мончок» аттуу ырлар жыйнагы 1972-жылы жарыкка чыккан. Ошол эле ырлар жыйнагы «Советский писатель» басмасынан «Красные бусы» деген ат менен орус тилинде 1984-жылы басылып чыккан. А.Дегенбаеванын чыгармалары украин, өзбек, казак тилдерине которулган.

1975-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери».

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл мончок: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 56 б.

Түйүн: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 64 б.

Күдөр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 88 б.

Чоң эне менен небере. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б.

Бозунач: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 149 б.

Шамшыкал: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 92 б.

Портреттер: Ырлар жана поэма. – Ф.: Адабият, 1990. – 152 б.

Суусаган тамырлар: Ырлар жыйнагы. – Б., 2006. – 145 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Красные бусы: Сборник стихов. – М.: Сов. писатель, 1984. – 56 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]