Дегенерация

Википедия дан

Дегенерация (лат. degenero – тукуму начарлоо) – 1) морфологияда – клеткалардын жана органдардын бузулуу процесси, мисалы, бакага айланганда көнөк баштын куйругунун акырындык менен жоголушу. 2) микробиологияда – туура эмес шартта өсүүдөн бир клеткалуу организмдин жашоосунун начарлашы. 3) А. Н. Северцов эволюция жөнүндөгү окуусунда жалпы жана жеке дегенерация деген түшүнүк киргизген. Жалпы дегенерацияда активдүү функциясы бар органдар (кыймыл жана сезүү органдары, борбордук нерв системасы) жөнөкөйлөнөт, пассивдүү органдар ылдам өсөт. Жеке дегенерацияда организмдин түпкү тегинде болгон органдар жөнөкөйлөнөт, мисалы, бутсуз кескелдириктердин аяктары, баш буттуу моллюскалардын раковиналары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия