Дежнёв Семён Иванович

Википедия дан

Дежнёв Семён Иванович (1605-ж. чен, Двина уезди – 1673, Москва) – орус жер кезүүчүсү жана уюлдук деңиз сүзүүчү. Стадухин жана башка менен бирге Сибирдин эң түндүк чети Оймякондо болгон. 1643-ж. Индигирка дарыясы аркылуу сүзүп, Колыма дарыясынын чатынан Тынч океанга чейин барган. Азия менен Американын ортосундагы кысыкты, Чукотка жарым аралынан (анын табиятын, калкын сүрөт төп жазган) жана Анадырь булуңун ачкан. Дежнёв 1648-ж. Ф. А. Поповдун экспедициясына катышкан. Алгачкылардан болуп Чукотка жана Беринг деңизине барган. Ага 1665-ж. казак-орус атаманы чини берилген. Азиянын түндүк-чыгыш четиндеги тумшук жана Беринг деңизиндеги бухта Дежнёвдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия