Дезинфекция

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дезинфекция (жугушсуздандыруу) — жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирустар жана башка) жок кылуу. Дезинфекцияга дезинсекция (адамга зыяндуу курт-кумурска, кенелерди жок кылуу), дератизация (зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылуу) да кирет. Дезинфекция күндөлүк (оорулуу жаткан жерде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт), акыркы (оорулуу ооруканага жаткырылгандан же айыккандан кийин) жана алдын алуучу (ыпылас суу, таштандылар, адам көп чогулган имараттарды — вокзал, мончо, базар, дүкөндөрдү жугушсуздандыруу) болуп бөлүнөт. Дезинфекцияда механикалык, физиологиялык жана химиялык ыкмалар пайдаланылат.

Механикалык ыкмага бөлмөнү жууп-тазалоо, кийим, төшөнчүлөрдү күбүү, чаң соргуч менен чаңын сордуруу, бөлмөлөрдү актап, сырдап, желдетип туруу кирет. Дезинфекциянын физикалык ыкмасына кургатуу, күн нуру, ультра кызгылт көк нур (сымап-кварцтуу лампа), таштанды, калдыктарды өрттөө, металл буюмдарды кызытуу, кайнатуу кирет.

Жыйыштыруу жана дезинфекция жүргүзүү эрежелери[оңдоо | булагын оңдоо]

Жыйыштыруу патогендик микроорганизмдерди жок кылууга же буюмдардын ачык жериндеги микробдук контаминациясын олуттуу деңгээлде азайтууга мүмкүнчүлүк берет жана имараттарды санитардык тейлөөнүн маанилүү элементи болуп эсептелет. Суу менен самындын (же нейтралдуу жууп-тазалоочу каражаттын) жардамында механикалык тазалоо (кыл сүрткү же дагы ошол сыяктуу шаймандар) органикалык эмес жана органикалык булгануулардын, мисалы, кандын, денеден чыгарылган нерселердин же бөлүнүп чыккандардын толук же жарым-жартылай жок кылынышына өбөлгө түзөт, бирок микроорганизмдердин жок болушуна алып келбейт. Органикалык булгануулар дезинфекциялоочу каражаттын буюмдардын ачык жерлерине түздөн-түз тийишине тоскоолдук кылышы жана аларды бактерициддик касиеттеринен ажыратып же натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Микробдук калдык булганууларды жок кылуу үчүн жыйыштыруудан кийин, мисалы, хлор же спирт кошулган химиялык дезинфекциялоо каражатын пайдалануу керек.

Хлор кошулган каражаттарды колдонуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Гипохлориттердин негизинде жасалган каражаттар суюк (натрий гипохлорити) же катуу формада, же болбосо күкүм (кальцийдин гипохлорити) түрүндө чыгарылат. Бул каражаттарды микробго каршы агент болуп диссоцияланбаган хлорлош кислота (HOCl) саналган, курамында хлору бар керектүү концентрациядагы суулуу эритме алыш үчүн сууга аралаштырат.


Хлорлуу каражаттардын адамдардын абалына жагымсыз таасир берүүчү, ден соолуктун бузулушуна алып келүүчү, мисалы, бронхиалдык астма туткагына шыкак болуучу жыты бар, мындан тышкары, жогорку концентрацияда хлор металлдардын коррозиялык бузулуусуна, ошондой эле теринин жана былжырлуу чел кабыкчалардын дүүлүгүүсүнө алып келиши ыктымал.

Дезинфекциялык каражаттарды чачуу жана тийбей дарылоо ыкмалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Изилдөөлөрдүн биринин маалыматы боюнча, майда тамчылата бүркүү дезинфекциянын негизги ыкмасы катары натыйжасыз, анткени ал чачылган тактын чектеринен сырткары булгоочу заттарды жок кыла албайт. Анүстүнө дезинфекциялык каражаттарды чачуу ден соолукка зыян тийгизиши – көздү оорутушу, дем алуу жолдорун же терини дүүлүктүрүшү да мүмкүн. Дезинфекциялык каражатты колдонуу зарыл болсо, аны дезинфекциялык каражатка нымдалган чүпүрөк же салфетка менен сүртүү керек.


Эч бир жагдайда адамдарга дезинфекциялык каражаттарды чачпаш керек (мисалы, дезинфекциялык өтмөктөрдө, чатырларда же камераларда). Тазалоонун мындай ыкмасы кишинин денесине же психологиясына зыян тийгиӊиши мүмкүн. Ал ооруган адамдын вирус бөлүп чыгаруу, андан ары аба-тамчы же байланыш-тирилик жолу менен жайылтуусуна таасир этпейт. Адамдарга хлорлуу каражаттарды же дагы башка уулуу химикаттарды чачуу көз менен терини дүүлүктүрүшү, ингаляциялык жол менен келип түшкөндө – бронхторду карыштырышы, ошондой эле ашказан-ичеги трактынын кызматын бузушу, мисалы, көңүлдү айнытып, кустурушу мүмкүн.

Жарандык имараттардагы дезинфекция[оңдоо | булагын оңдоо]

Турак-жайларда, кеӊселерде, окуу жайларында, спорттук курулуштарда же ресторандарда бул мурункудай эле актуалдуу маселе бойдон калууда. Дезинфекциялоо иретин аныктоо максатында адамдар бул имараттарда көбүрөөк байланышта болгон буюмдардын беттерин аныктоо зарыл. Буларга эшик-терезелердин туткалары, ашканадагы ачык жерлер, ошондой эле тамак даярдалуучу зоналар, үстөлдүн үстү, санитардык түйүндөрдөгү ачык жерлер, унитаздар жана вентилдер, сенсордук экраны бар жеке шаймандар, жеке компьютерлердин клавиатуралары жана жумуш жайлары. Ачык беттер бузулбашы, ошондой эле турак жайлардын жашоочуларына же коомдук мекемелерге келүүчүлөргө уулуу таасирди мүмкүн болушунча же такыр жокко чыгаруу максатында дезинфекциялык каражаттар же анын концентрацияларын кылдат тандоо зарыл. Бардык ачык жерлер тазалоо учурунда органикалык булганууларды самын кошулган суу же тазалоочу каражат менен кетириш үчүн алдын-ала тазалоодон өтүүгө тийиш, андан кийин дезинфекциялоону жүргүзүшөт.

Шилтемер[оңдоо | булагын оңдоо]

[1]

[2]

[3]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/332096/WHO-2019-nCoV-Disinfection-2020.1-rus.pdf
  2. https://studme.org/258332/geografiya/patogennye_mikroorganizmy_vyzyvaemye_zabolevaniya
  3. https://alfazdrav.ru/zabolevania/zabolevanie-bronkhov/bronkhialnaya-astma/#:~:textө%D0%91%D1%80%D0%BE%D0%BD%D1%85%D0%B8%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%B0%D1%8F%20%D0%B0%D1%81%D1%82%D0%BC%D0%B0%20%E2%80%94%20%D1%8D%D1%82%D0%BE%20%D0%B7%D0%B0%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B5%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%B5%2C%20%D0%B2,%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B2%D0%B8%D0%B2%D0%B0%D0%B5%D1%82%D1%81%D1%8F%20%D1%81%D1%83%D0%B6%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5%20(%D0%BE%D0%B1%D1%81%D1%82%D1%80%D1%83%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F)%20%D0%B1%D1%80%D0%BE%D0%BD%D1%85%D0%BE%D0%B2