Деймант, Леонид Фёдорович

Википедия дан

Деймант, Леонид Фёдорович (1913, Ташкен – 1979, Фрунзе) – живописчи. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн улуу муунунун өкүлү. 1938-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Кыргыз живописинде тарыхый жана учурдагы темаларга арналган сюжеттик-тематикалык чыгармалары менен белгилүү болгон. 1937-жылдан көргөзмөлөргө катышкан. 1939-ж. Москвадагы “1905-жылды эскерүү” көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Д. Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 40-жылдары ондогон алдыңкы колхозчулардын портреттерин, пейзаждык этюддарды тарткан. 1952–54-ж. Кыргыз мамл. опера жана балет театрын жасалгалоого катышкан. “Саанчылар” (1952), “Токтогул сүргүндө” (1953–54) аттуу чыгармалары Д-тын чыгармачылыгынын гүлдөө мезгилинде жаралган. Д-тын тарыхый материалдарды жакшы өздөштүргөндүгү. “Анын өмүр баяны” (1968–69) картинасында Кыргызстанда Совет өкмөтүнүн орношу, “Малчылардын майрамы” (1969) картинасында тоолуу Кыргызстандын койчуларынын жашоосу таасын чагылдырылгандыгынан сезилип турат. Ал көп жылдар бою Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында сабак берген. 2 “Кызыл Жылдыз” ордени, “Будапештти алуу үчүн”, “Жеңиштин 20 жылдыгы”, “Жеңиштин 25 жылдыгы”, “Кайраттуу эмгеги үчүн” медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]