Дейтрон

Википедия дан

Дейтрон – суутектин оор изотоп атомунун - дейтерийдин ядросу. 1Н2 же d менен белгиленет, бир протондон жана бир нейтрондон турат.

Негизги мүнөздөмөлөрү: массалык сан 2,0135 м.а.б. Спини I =1, изотоптук спини Т=0; байланыш энергиясы Еб=2,24579 МэВ; магниттик моменти md=0,857406 ядролук магнетон; орточо квадраттык радиусу 1,963Ч10-13 смге барабар; квадруполдук электрдик моменти Q=2,859*10-27 см2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]