Декадентство

Википедия дан

Декадентство (французча  decadence – начарлоо) – кеңири мааниде – акыркы 1875–80-ж. ичиндеги буржуазиялык маданияттын ындыны өчкөн, үмүтсүз­дүккө берилген көрүнүштөрүнүн, ошол замандын адабиятындагы жана буржуазиялык көркөм искусстводогу аларга таандык агымдардын жыйындысы. Бул термин капитализмдин буржуазиялык маданиятынын эң акыркы империалисттик стадиядагы өнүгүшүнүн (Париж коммунасынан кийинки өткөөл мезгилди өз ичине алуу менен) негизги өзгөчөлүктөрүн өз ичине камтыйт. Классикалык көркөм искусствонун демократиялык идеалдарына, алдыңкы принциптерине душмандык кылуу, реализмди тануу чектен чыккан индивидуализм түрлөрүнүн жана өкүлдөрүнүн мүнөздүү белгилеринен болуп эсептелет. Д. термини тар мааниде – өткөн жүз жылдыктын акыркы чейреги – буржуазиялык түзүлүштүн начарлашын жана чирий башташын чагылдырат, өзүлөрүнүн эстетикалык таанып-билүүсүнүн негизги мазмуну боюнча декаденттер кылымдын акырындагы символисттерден болуп кала беришкен, к. Символизм макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ky:Декадентчилик