Декларация (жарнак)

Википедия дан

Декларация (жарнак) (фр. declaration – билдирүү) – 1) конституциялык укуктагы тиешелүү мамлекеттин тагдыры үчүн өзгөчө зарыл маани берүү менен, салтанаттуу мүнөз күтүү максатын көздөгөн саясий-юридикалык актынын аталышы (м.: КР мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Д-сы). Кошумча мыйзамдык жөнгө салууну талап кыла тургандай, укук-ченемдик акты катары жалпылык менен так эмес мүнөз күткөндүгү – Д-н өзгөчөлүү белгиси болуп саналат; 2) эларалык укуктагы тараптардын жалпы көзкараш менен максаты бирдей чыккандыгын туюндура турган салтанаттуу акты. Ал милдеттүү түрдө аткарыла турган күчкө ээ эмес. Буга мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла тургандай күчкө ээ болгон 1948-жылы кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясы гана кирбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]